> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү
- URL: https://im.kg/all/2026/10/10/sadyr-zhaparov-chui-oblusun-onukturuugo-10-mlrd-som-bolundu/
- Published: 2026-10-10T16:19:45.000Z
- Updated: 2026-10-10T16:22:21.000Z
- Author: Ишкер Media

**Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи.**

Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда жана кайра иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт.

> “Берекелүү Чүй өрөөнү быйыл республика боюнча жалпы өндүрүштүн басымдуу үлүшүн берди. Мына быйыл Турукташтыруу фондунан Чүй облусун өнүктүрүүгө **10 млрд сом** бөлүндү. Ал каражатка облустун аймагында жаңы социалдык объектилер курулуп, өндүрүш ишканалары ачылды” – деп билдирди президент.

Анын айтымында, Чүй облусунун экономикалык өнүгүүсүн маданий демилгелер менен айкалыштыруу пландалып жатат. Алардын катарында Түлөберди баатырга арналган илимий иш-чара өткөрүү, Токмок шаарындагы жетим балдар үйүн калыбына келтирип, маданий-билим берүү жайына айлантуу жана Сүймөнкул Чокморовдун Чоң-Таштагы үйүн үй-музей кылуу демилгелери бар.

Президенттин айтымында, облустун мындан аркы өнүгүүсү мамлекеттик колдоо менен катар ар бир жарандын салымына да байланыштуу.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/836259097_1632849534869173_8211086863569116275_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/843300043_28551714864470050_8411765501208536815_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/844340749_1464428292222037_5967681300336548809_n.jpg)