> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# РФнын Борбордук банкы санарип рубль пайдалуу боло турган үч учурду атады
- URL: https://im.kg/all/2026/10/12/rfnyn-borborduk-banky-sanarip-rubl-paidaluu-bolo-turgan-uch-uchurdu-atady/
- Published: 2026-10-12T08:23:11.000Z
- Updated: 2026-10-12T08:23:11.000Z
- Author: Ишкер Media

**Россиянын Борбордук банкы санарип рубль кадимки төлөм ыкмаларына салыштырмалуу пайдалуу боло турган үч жагдайды атады. Алардын катарына ири суммадагы акчаны акысыз которуу, ишкерлердин төлөмдөрдү кабыл алуудагы чыгымдарын азайтуу жана компаниялардын эмгек акы төлөө чыгымдарын кыскартуу кирет.**

Бул тууралуу Россиянын Борбордук банкынын төрагасынын орун басары **Зульфия Кахруманова** айткандыгын “Комсомольская правда” радиосуна шилтеме жасап, РИА Новости билдирди.

> Банктын төрагасынын орун басары Зульфия Кахруманованын айтымында, санарип рубль аркылуу **ири суммадагы акчаны** чектөөсүз жана **комиссиясыз которууга** болот. Ал эми ири холдингдер өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы ишканаларынын ортосунда акча которууну жеңилдетип, чыгымдарын азайта алышат.

Кахруманованын маалыматы боюнча,Россияда **санарип рубль** менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн инфраструктура **2026-жылдын 1-сентябрынан** тарта ишке **киргизилген**. Алгачкы этапта санарип капчыкты толуктоонун чеги **300 миң** рубль деп белгиленген. Бирок платформадагы акча каражаттарын пайдаланууга чектөө жок, ал эми **калк үчүн** бардык операциялар **акысыз жүргүзүлөт.**

***Санарип рубль** *— Россиянын улуттук валютасынын накталай жана накталай эмес акча менен катар колдонулган дагы бир формасы. Өлкөнүн жарандары Борбордук банктын платформасында санарип капчык ачып, ага банктык тиркеме аркылуу кире алышат.*