> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2026/10/13/kyrgyz-mamlekettik-tsirkine-kazakstandyn-zharany-direktor-bolup-daiyndaldy/
- Published: 2026-10-13T09:57:00.000Z
- Updated: 2026-10-13T09:56:59.000Z
- Author: Ишкер Media

**А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду.**

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке **сырттан жетекчи дайындоого** мекемедеги узакка созулган ички пикир **келишпестиктер себеп болгон.**

> **Мамлекет башчысы** 2023-жылы Мамлекеттик циркке өзү барып, аны капиталдык реконструкциялоону тапшырганын эске салды. Цирк жаңыланып, тийиштүү шарттар түзүлгөнүнө карабай, узакка созулган **ички пикир келишпестиктер** мекеменин толук кандуу иштешине **тоскоолдук кылганын белгиледи.**

****Нурлан Конокбаев** — Казакстандын жараны. Ал Кыргыз улуттук консерваториясын режиссёр-хореограф адистиги боюнча аяктаган жана чыгармачылык тармакта эл аралык тажрыйбага ээ.

> Садыр Жапаров жаңы директорго кыска мөөнөттө жамааттагы жагымдуу иш чөйрөсүн калыбына келтирүүнү, эмгек тартибин чыңдоону жана цирктин ишин натыйжалуу уюштурууну тапшырды.

Ошондой эле чет өлкөлүк цирк топторун тартуу, көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн көбөйтүү жана цирктин программасын кеңейтүү милдети коюлду.