> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 2026-жылы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 500 млн сомдон ашты
- URL: https://im.kg/all/2026/10/14/kyrgyzstanda-2026-zhyly-kamsyzdandyruu-tolomdorunun-kolomu-500-mln-somdon-ashty/
- Published: 2026-10-14T09:36:22.000Z
- Updated: 2026-10-14T10:49:34.000Z
- Author: Ишкер Media

**Кыргызстанда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 500 млн сомдон ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 3,4 эседен көп. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, 2025-жылы милдеттүү автоунаа камсыздандыруусу (ОСАГО), турак жайды камсыздандыруу жана камсыздандыруунун башка түрлөрү боюнча жалпы 146 млн 679 миң 277,12 сом төлөнгөн.

Ал эми 2026-жылдын тогуз айында камсыздандыруу төлөмдөрү төмөнкүдөй болгон:

\- ОСАГО боюнча — 146 млн 868 миң 662,49 сом;

\- Турак жайды камсыздандыруу боюнча — 57 млн 680 миң 351 сом;

\- Камсыздандыруунун башка түрлөрү боюнча — 303 млн 233 миң 345,08 сом.

Жалпысынан, ушул мезгилде камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 507 млн 782 миң 358,57 сомду түзгөн.