> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарында көмүр 6513 сомдон сатылууда
- URL: https://im.kg/all/2026/10/29/osh-shaarynda-komur-6513-somdon-satyluuda/
- Published: 2026-10-29T10:02:00.000Z
- Updated: 2026-10-29T10:01:59.000Z
- Author: Ишкер Media

**"Кыргызкөмүр" ААКсынын түштүк филиалы Ош шаарын көмүр менен камсыздоо жана көмүр кампалары менен кызматташуу багытында иш алып барууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.**

> Маалым болгондой, көмүрдүн баасы **6513 сомду** түзөт. Учурда шаардын алты дарегине жалпы **940 тонна** көмүр жеткирилген.

Тактап айтканда, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы Татар айылына **145 тонна**, Меңиш уулу айылына **160 тонна**, Туран кичи районундагы Нагорная көчөсүнө **20 тонна көмүр** түшүрүлгөн.

Ошондой эле И. Раззаков көчөсү, 15б/3 дарегине **500 тонна**, Халмурзаев көчөсү, 20 дарегине **60 тонна** жана Кыргызстан айылындагы М. Бегиев көчөсүнө **55 тонна** көмүр жеткирилген.

Мындан тышкары, "Кыргызкөмүр" ишканасы шаарда көмүр кампаларын ачууга жана калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоого кызыкдар ишкерлерди кызматташууга чакырат. Кошумча маалыматты 0557 299 999 номери аркылуу алууга болот.