> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстан 2027-жылы 99 млн тоннага жакын мунай өндүрүүнү пландаштырууда
- URL: https://im.kg/all/2026/11/04/kazakstan-2027-zhyly-99-mln-tonnaga-zhakyn-munai-onduruunu-plandashtyruuda/
- Published: 2026-11-04T10:48:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T10:47:59.000Z
- Author: Ишкер Media

**Казакстан 2027-жылы болжол менен 99 млн тонна мунай өндүрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика министри Ерлан Аккенженов билдиргенин ТАСС агенттиги жазып чыкты.**

> Министрдин айтымында, 2026-жылы мунай өндүрүү көлөмү **96 млн** тонна болот деп күтүлүүдө. Учурда кийинки жылга карата өндүрүштүн көлөмү такталып жатат.

Буга чейин Казакстандын Энергетика министрлиги 2026-жылга карата мунай өндүрүү планына өзгөртүү киргизген. Буга Теңиз кениндеги өндүрүштүк үзгүлтүк жана Каспий куур консорциумунун инфраструктурасына жасалган чабуулдар себеп болгон.

Белгилей кетсек, Казакстанда 2025-жылы **99,55 млн** тонна мунай өндүрүлгөн.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**