> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы менен жолугушту
- URL: https://im.kg/all/2026/11/04/sadyr-zhaparov-gruziia-parlamentinin-toragasy-menen-zholugushtu/
- Published: 2026-11-04T07:47:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T07:46:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева

**Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстанга расмий сапар менен келген Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвилини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.**

> Маалымдалгандай, жолугушууда Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо, саясий диалогду өнүктүрүү жана эки тараптуу байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров Грузия менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды активдештирүү, тармактык комитеттердин жана достук топторунун кызматташуусун күчөтүү зарылдыгына токтолду.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы транспорттук-логистикалык байланыштарды жана туризмди өнүктүрүүнү эки өлкө үчүн келечектүү багыттар катары белгиледи.

Өз кезегинде Шалва Папуашвили жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Грузиянын кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтты.

Ал эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык диалогду мындан ары да өнүктүрүү жана эл аралык аянтчаларда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маанилүү экенин белгиледи.