> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экологиялык рейд жүргүзүлүп, Токмоктогу беш айдоочуга 53 миң сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/all/2026/11/05/ekologiialyk-reid-zhurguzulup-tokmoktogu-besh-aidoochuga-53-min-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-11-05T08:12:00.000Z
- Updated: 2026-11-05T08:11:59.000Z
- Author: Ишкер Media

**Атмосфералык абанын сапатын көзөмөлдөө жана автоунаалардан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын абага тийгизген таасирин азайтуу максатында Токмок шаарында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.**

> Маалыматка караганда, аталган министрликтин Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери көзмөлдөөчү рейддик ишчараны өткөрүшкөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ****беш автоунаадан** ****зыяндуу заттардын** белгиленген ченемден ****ашыкча бөлүнүп чыгып жатканы аныкталды**. Аталган фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү протоколдор түзүлүп, ****жалпы суммасы** ****53 000 сом** өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, айдоочулар арасында атмосфералык абаны булгоонун кесепеттери жана унаалардын техникалык абалын талаптагыдай сактоонун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/99447d87-aa20-4c35-8a02-2081f19725db.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/d9d87c52-9ed5-4f86-ab3e-2a066b6403fd-2.jpg)