> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас шаарында металл заводу ачылып, турак жай комплекси пайдаланууга берилди
- URL: https://im.kg/all/2026/11/05/manas-shaarynda-metall-zavodu-achylyp-turak-zhai-kompleksi-paidalanuuga-berildi/
- Published: 2026-11-05T13:29:46.000Z
- Updated: 2026-11-05T13:29:45.000Z
- Author: Ишкер Media

**Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 5-ноябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарындагы бир катар объектилердин ачылышына катышты. Алардын арасында металл конструкцияларын чыгаруучу "Металлстрой" заводу жана 1065 батирлүү "Асман Резиденс-7" турак жай комплекси бар.**

"Металлстрой" заводуна **2,5 млн доллар** жеке инвестиция жумшалган. Ишканада биринчи жылы **1400 тонна** металл конструкциясын өндүрүү пландалууда. Мындан тышкары, **50 жаңы жумуш орду** түзүлөт. Заводго лазердик кесүүчү жана фрезерлөөчү заманбап жабдуулар орнотулган.

> Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев курулуш тармагынын өнүгүшү металл конструкцияларына жана курулуш материалдарына болгон суроо-талапты көбөйтүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мындай ишканалар импортко көз карандылыкты азайтып, өлкө ичинде кошумча нарк түзүүгө шарт түзөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6aec2ee1252f7.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6aec2ee4d6b6d.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6aec2ee33bb56-thumb.jpg)

Ошондой эле МинКаб төрагасы **15 кабаттуу, 12 блоктон турган "Асман Резиденс-7"** турак жай комплексинин ачылышына катышты. Комплекс жалпы **1065 батирди камтыйт.** Касымалиев мамлекеттик ипотекалык программа турак жайды жарандар үчүн жеткиликтүү кылуунун негизги механизмдеринин бири экенин айтты.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында Жалал-Абад облусундагы дагы ****16 объект онлайн** форматта ачылды. Алардын арасында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кошумча корпусу, мектептер, Гулистан айылындагы фельдшердик-акушердик пункт, Базар-Коргондогу кыш заводу, Ноокен жана Сузак райондорундагы спорттук жана маданий жайлар бар.

Ошондой эле Манас шаарындагы **600 батирлүү "Асман-8"** жана Сузак районундагы **312 батирлүү "Асман-14"** турак жайларынын ачылышы болду.

> Адылбек Касымалиев Манас шаарын өлкөнүн экинчи экономикалык борборуна айландыруу максаты коюлганын белгилеп, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу шаар үчүн соода, өндүрүш жана транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын билдирди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6aec3a70189b2-thumb.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6aec45253eb1e.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/6aec451c60bd4.jpeg)