> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы 2026-жылдын 5-ноябрына карата 426,87 млрд сом чогултту
- URL: https://im.kg/ekonomika/2026/11/05/salyk-kyzmaty-2026-zhyldyn-5-noiabryna-karata-426-87-mlrd-som-chogulttu/
- Published: 2026-11-05T08:38:00.000Z
- Updated: 2026-11-05T08:37:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 5-ноябрына карата 426,87 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул көрсөткүч 2025-жылдын бүтүндөй жыйынтыгынан 36,61 млрд сомго көп.**

> **Салык кызматынын** [**маалыматына**](https://stat.salyk.kg/?ref=economist.kg) ылайык, **2025-жылы жалпы 390,26 млрд сом** түшкөн. Ал эми быйылкы жылдын **5-ноябрына карата** чогулган каражаттын **339,72 млрд сому** салыктардан, **87,15 млрд сому** камсыздандыруу төгүмдөрүнөн турат.

Салыктардын айрым түрлөрү боюнча түшүүлөр да өскөн. **Бирдиктүү салыктан 39,41 млрд** сом чогултулуп, 2025-жылдагы 26,41 млрд сомдук көрсөткүчтөн 13 млрд сомго же болжол менен **49%га көп** болгон. Ички **кошумча нарк салыгы** (КНС) боюнча түшүүлөр **49,39 млрд** сомду түздү. Бул өткөн жылдын бүтүндөй жыйынтыгындагы 43,73 млрд сомдон 5,66 млрд сомго көп.

> Ал эми **ЕАЭБ өлкөлөрүнөн** импорттолгон товарларга салынган КНСтен **47,68 млрд** сом түшкөн. Бул 2025-жылдагы 49,46 млрд сомдук көрсөткүчкө жете элек.

Сатуудан алынуучу салыктын түшүүсү **29,2 млрд** сомду түзүп, өткөн жылдагы 29,43 млрд сомго жакын болду. Пайда салыгынан 22,29 млрд сом түшкөн. Былтыр бул көрсөткүч 25,6 млрд сомду түзгөн.

Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттердин кирешеси **2026-жылдын 5-ноябрына карата 47,92 млрд** сомго жетти. Бул 2025-жылдын бүтүндөй жыйынтыгындагы 39,18 млрд сомдон 8,74 млрд сомго же 22,3%га көп.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/----------------------------------------------------------------------------------------.png)