> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таластагы социалдык стационардык мекемелердин абалы кароого алынды
- URL: https://im.kg/all/2026/11/05/talastagy-sotsialdyk-statsionardyk-mekemelerdin-abaly-karoogo-alyndy/
- Published: 2026-11-05T06:34:03.000Z
- Updated: 2026-11-05T06:34:02.000Z
- Author: Ишкер Media

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас районунун административдик борбору - Покровкадагы аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге жана Бакай-Атадагы социалдык стационардык мекемеге барды. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.**

> Билдирүүгө караганда, иш сапардын жүрүшүндө мекемелердин ишмердүүлүгү, социалдык кызмат алуучулардын жашоо шарттары, аларга көрсөтүлүп жаткан кам көрүү кызматтарынын уюштурулушу, ошондой эле социалдык жана тиричилик кызматтарынын сапаты менен министр жеринен таанышып келди.

Өзгөчө көңүл социалдык кызмат алуучулар үчүн татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылууга, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоого, күнүмдүк жашоосу үчүн ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө бурулду.

Учурда аталган **эки мекемеде 200дөн ашык адам** социалдык кызмат алышат.

Социалдык тейлөө системасын өркүндөтүү, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатуу жана муктаж болгон жарандарга татыктуу кам көрүүнү камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.