> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жарандар жергиликтүү бюджеттин каражатын бөлүштүрүүгө катыша алат
- URL: https://im.kg/all/2026/11/05/zharandar-zhergiliktuu-biudzhettin-karazhatyn-bolushturuugo-katysha-alat/
- Published: 2026-11-05T06:14:30.000Z
- Updated: 2026-11-05T06:14:29.000Z
- Author: Ишкер Media

**Кыргызстандын аймактарында жарандардын жергиликтүү бюджеттин каражатын бөлүштүрүүгө катышуусун кеңейтүү жана алардын демилгелерин колдоо маселелери Финансы министрлигинде талкууланды.**

> Министрликтин маалыматына ылайык, 4-ноябрда **“Онлайн жана офлайн форматтарда жарандар менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы тажрыйбалары: демилгелүү бюджеттөө”** аттуу окутуу семинарынын экинчи бөлүгү өттү. Иш-чарага Финансы министрлигинин аймактар аралык жана аймактык башкармалыктарынын жетекчилери, ошондой эле Россиянын Финансылык изилдөөлөр илимий-изилдөө институтунун эксперттери катышты.

Семинардын жүрүшүндө **жарандарды бюджеттик процесске тартуу**, жаштардын жана **мектеп окуучуларынын** демилгелерин колдоо, **жергиликтүү долбоорлорду каржылоо** жана алардын натыйжалуулугун баалоо маселелери каралды.

Катышуучулар Кыргызстандагы бир катар тажрыйбаларды талкуулашты. Алардын катарында ****Талас** шаарындагы Жарандардын демилгелерин колдоо фондунун ишмердүүлүгү, ****Өзгөн** районунун Мырза-Аке айыл аймагында жаштардын жана мектеп окуучуларынын демилгелерин колдоо, ошондой эле ****Кочкор-Ата** шаарында жергиликтүү бюджеттин эсебинен ****жарандык долбоорлорду каржылоо** тажрыйбасы бар.

> Финансы министри *Руслан Суйналиев* жарандардын бюджеттик процесске катышуусун кеңейтүү жана **эл аралык тажрыйбаны** Кыргызстандын шарттарына **ылайыкташтыруу маанилүү** экенин белгиледи.

---

**Демилгелүү бюджеттөө** — жарандар өздөрү үчүн маанилүү болгон жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорду сунуштап, бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүгө катыша алган механизм.