> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дарыкана түйүндөрү аркылуу психотроптук заттарды мыйзамсыз алып кирүү каналы аныкталды
- URL: https://im.kg/all/2026/11/06/darykana-tuiundoru-arkyluu-psikhotroptuk-zattardy-myizamsyz-alyp-kiruu-kanaly-anyktaldy/
- Published: 2026-11-06T10:53:30.000Z
- Updated: 2026-11-06T10:53:29.000Z
- Author: Ишкер Media

**Мамлекеттик бажы кызматы ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин көмөктөшүүсү менен Казакстандан Кыргызстандын аймагына дары каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныктады.**  
  
Бажы кызматынын маалыматына караганда, аталган каражаттарды ташуу үчүн атайын жашыруу бөлүгү менен жабдылган жүк ташуучу унаа колдонулганы аныкталды. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө унаадан Кыргызмтандын аймагында жүгүртүлүшү чектелген дары каражаттары жана психотроптук заттар табылган.

> Тергөө маалыматына ылайык, өлкөгө мыйзамсыз алып келинген препараттар кийин Бишкек шаарындагы ири дарыкана түйүндөрү аркылуу сатылып турган. Бул факты боюнча Бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн алкагында, кыргызстандык жарандар **Ж.Б.Ж.** жана **Н.К.Н.** кармалып, №1 тергөө абагына камакка алынды.

Учурда бул баңгизаттарды жеткирүү жана бөлүштүрүү каналдарын аныктоо, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана оперативдик иш-чаралар жүрүп жатат.