> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош облусунда 10 күн бою прокурорлор жарандарды кабыл алышат
- URL: https://im.kg/all/2026/11/06/osh-oblustunda-10-kun-boiu-prokurorlor-zharandardy-kabyl-alyshat/
- Published: 2026-11-06T07:27:56.000Z
- Updated: 2026-11-06T07:57:07.000Z
- Author: Ишкер Media

**9-ноябрдан 19-ноябрга чейин Ош облусунун прокурору Б.Сыдыгалиевдин тапшырмасы менен райондук прокурорлор тарабынан жергиликтүү тургундар менен түз байланыш түзүүгө багытталган жеке кабыл алуулар уюштурулат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.**

Маалыматка караганда, иш-чаранын алкагында **райондук прокурорлор** айыл аймактарын кыдырып, **жарандардын арыз-даттанууларын,** сунуштарын жана кайрылууларын жеринде **угуп чыгышат.**

Кабыл алуунун ****негизги максаты** \- калктын көйгөйлөрүн жеринде аныктоо, мыйзам бузууларга ыкчам көңүл буруу, жарандардын укуктары менен ****мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу** жана көтөрүлгөн маселелердин мыйзам чегинде чечилишине көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Ар бир кайрылуу белгиленген тартипте каралып, тиешелүү чараларды көрүү прокуратура органдарынын көзөмөлүнө алынмакчы. Бул демилге прокуратура органдарынын эл менен түз байланышын чыңдоого, жарандардын укуктук кызыкчылыктарын коргоого жана калкты түйшөлткөн маселелерди жеринде чечүүгө багытталат.

**Жарандарды кабыл алуу төмөндө көрсөтүлгөн даректерде жана графикке ылайык өткөрүлөт:**

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/883374985_18128766947482996_254257130479370736_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/890563371_18128766932482996_7886178637866033514_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/886457407_18128766929482996_6331298359236818869_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/886641902_18128766968482996_5834418845881835468_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/888210231_18128766965482996_4711346356620506144_n.jpg)