> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты
- URL: https://im.kg/all/2026/11/06/uluttuk-bank-finconference-2026-konferentsiiasyna-katyshty/
- Published: 2026-11-06T13:21:00.000Z
- Updated: 2026-11-06T13:21:00.000Z
- Author: Ишкер Media

**Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын финансы секторундагы технологиялык чакырыктар жана өнүгүү келечегине арналган конференция болуп өттү. Ага мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын, коммерциялык банктардын, IT-компаниялардын, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.**

> Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, тараптар төмөнкү темаларды талкуулашты:

∙ финансы рыногун **санариптик трансформациялоо**  
∙ **төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү** жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты  
∙ **киберкоркунучтар** жана алдамчылыкка каршы аракеттенүү  
∙ тобокелдиктерди башкарууда жана финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылууда **жасалма интеллектти колдонуу** ж.б.

FinConference 2026 финансы сектору, мамлекет жана технологиялык бизнес үчүн баарлашуучу аянтча болуп калды.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**