> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт
- URL: https://im.kg/all/2026/11/06/uluttuk-bank-grosstuk-esepteshuu-sistemasyna-koshuu-sharttaryn-taktoonu-sunushtait/
- Published: 2026-11-06T11:56:03.000Z
- Updated: 2026-11-06T11:56:02.000Z
- Author: Ишкер Media

**КРнын Улуттук банкы төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасына адистештирилген катышуучу катары туташтыруу тартибин өзгөртүүнү сунуштоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.**

Долбоор төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын адистештирилген катышуучулары катары туташтыруу үчүн кошумча талаптарды белгилөө аркылуу финансылык жана операциялык ****тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында** иштелип чыккан.

Мындан сырткары 2025-жылы кабыл алынган КРнын Санариптик кодексине байланыштуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын шайкеш келтирүү да каралган.

Тактап айтканда, гросстук эсептешүү системасына адистештирилген катышуучу катары туташа ала турган жактардын чөйрөсүн тактоо сунушталууда. Ага ылайык, жобонун 23-пунктуна жакын тутумдардын операторлорунун катарына банктык төлөм карталарын колдонуу менен эсептешүү системасынын операторун жана өз ара аракеттенүү операторун киргизүү каралган.

> Улуттук банк сунушталган өзгөртүүлөр системага катыша турган уюмдарды алардын ишмердүүлүгүнүн мүнөзүнө жана аткарган функцияларына жараша аныктоого бирдиктүү мамиле түзөрүн белгилейт.

Долбоор ишкердик субъектилери үчүн жаңы жөнгө салуучу талаптарды киргизбейт. Аны кабыл алуу кошумча каржылоону талап кылбайт. Токтом кабыл алынган учурда расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.