> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү
- URL: https://im.kg/all/2026/11/09/kyrgyzgidromet-shashylysh-bildiruu/
- Published: 2026-11-09T11:20:00.000Z
- Updated: 2026-11-09T11:19:59.000Z
- Author: Ишкер Media

**Аномалдуу ысык аба-ырайынан кийин 2026-жылдын 10-ноябрында күндүз жана**

**11-ноябрында Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Эртең күндүз мезгил-мезгили менен жаан, 11-ноябрда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.**

> Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө караганда, айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетип, тоолуу райондоро жолдор тоңголок жана тайгак болот. 11-13-ноябрларда абанын температурасы төмөндөйт:

\- **Чүй** өрөөнүндө түнкүсүн **\-4° +1°** жылуулукка чейин, күндүз **2…7°** чейин,  
\- **Талас** өрөөнүндө түнкүсүн **0-5°** суукка чейин, күндүз **1…6°** чейин,  
\- **Ош, Жалал-Абад, Баткен** өрөөндөрүндө түнкүсүн **1…6°**, күндүз **4…9°** чейин,  
\- **Ысык-Көл** ойдуңунда түнкүсүн **\-4°+1°** чейин, күндүз **3…8°** чейин,  
\- **Нарын** облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн **\-4…-9°** суукка чейин, күндүз **2…7°** чейин болушу күтүлөт.

**Республиканын тоо** этектериндеги райондорунда түнкүсүн **\-1…-6°** суукка чейин, күндүз **\-4° …+1°** жылуулукка чейин, тоолуу райондорунда түнкүсүн **\-4…-9°** суукка чейин, күндүз **\-3° …+2°** жылуулукка чейин болот. Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7° суукка чейин төмөндөйт.

👉🏻

Мындай туруксуз аба ырайы - энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/887228042_18117079043586395_636834319792391797_n-1.webp)