> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын шаары менен Могилев шаары кызматташат
- URL: https://im.kg/all/2026/11/11/naryn-shaary-menen-mogilev-shaary-kyzmattashat/
- Published: 2026-11-11T05:26:00.000Z
- Updated: 2026-11-11T05:25:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар

**КРнын Нарын шаары Беларусь Республикасынын Могилев шаары менен 3 жылдык программа менен кызматташат. Бул тууралуу 11-ноябрда Нарын шаардык мэриясынан маалымдашты.** 

> Билдирүүдө айтылгандай, шаарлар экономика, соода, маданият, билим берүү жана туризм тармактарында кызматташат. 

Эки шаардын ортосунда 2027-2029-жылдарга карата кызматташуу боюнча атайын достук мамиленин алкагында жол картага кол коюлду. 

**Нарын шаарынын мэринин орун басары Элмира Турганбаева 2008-жылы түзүлгөн Достук келишимин жандандыруу менен атайын жол картанынын негизинде иш алып баруу кызыкчылыгын белгиледи.* 

**Могилев -** Беларусь өлкөсүнүн чыгышындагы ири тарыхый жана маданий шаар. Ал Днепр дарыясынын жээгинде жайгашкан жана Могилев облусунун административдик борбору болуп саналат. Шаар Беларустагы эң ири өнөр жай борборлорунун бири. 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**