> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ашууларда жолдор ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз
- URL: https://im.kg/all/2026/11/12/ashuularda-zholdor-achyk-unaalardyn-kattamy-uzgultuksuz/
- Published: 2026-11-12T08:02:00.000Z
- Updated: 2026-11-12T08:01:59.000Z
- Author: Ишкер Media

**Кыргызстандын негизги ашууларында кар тазалоо жана тайгакка каршы иштер жүргүзүлүп, жолдор ачык. Бул тууралуу 12-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында жолдор тазаланып, кум-туз аралашмасы себилди. Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Долон ашуусунда да абал туруктуу.

Ошондой эле Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 09:00дөн тарта алынды.

Учурда бардык аталган ашууларда жолдор ачык, каттам үзгүлтүксүз камсыздалууда. Тыгын жок.

Министрлик айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдыкты азайтууга жана жол эрежелерин сактоого чакырат.