> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Депутаттар илимий-изилдөө институттарынын иши менен таанышты
- URL: https://im.kg/all/2026/11/12/deputattar-ilimii-izildoo-instituttarynyn-ishi-menen-taanyshty/
- Published: 2026-11-12T11:15:02.000Z
- Updated: 2026-11-12T11:15:01.000Z
- Author: Ишкер Media

**Бүгүн Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жумушчу тобу бир катар илимий-изилдөө институттарынын ишмердүүлүгү менен таанышты.**

> Маалым болгондой, алгач жумушчу топтун мүчөлөрү Энергетика министрлигине караштуу Энергетика илимий-изилдөө институтуна барышты. 

**Анда депутаттар Токтобүбү Ашымбаева жана Нуржамал Торобекова энергетика тармагын илимий жактан камсыздоого байланышкан бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүштү.* 

Атап айтканда, Ашымбаева илимий ишмердүүлүктү каржылоо, институттун материалдык-техникалык базасынын жетиштүүлүгү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мамлекеттик заказды ишке ашыруу механизмдери, ошондой эле кайра жаралуучу жана альтернативдүү энергия булактарынын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө маселелерине токтолду.

Муну менен катар жумушчу топ Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илимий-изилдөө институтунун ишмердүүлүгү менен таанышты. 

Депутаттар ал жерде ветеринария илимин өнүктүрүү, жаныбарлардын ооруларын аныктоо жана алдын алуу ыкмаларын өркүндөтүү, ветеринардык препараттарды өндүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. 

Ошондой эле илим тармагын каржылоо, анын ичинен Илим фондунун бюджети, бөлүнгөн каражаттардын көлөмү жана алардын илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жетиштүүлүгү боюнча маселелерди ортого салышты.

Андан сырткары, депутаттар Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институттарынан да кабар алышып, алардын негизги багыттарын, учурдагы көйгөйлөрүн жана мындан ары кароону талап кылган актуалдуу маселелерди талкуулашты.