> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты
- URL: https://im.kg/all/2026/11/12/kyrgyzneftegaz-zhany-gaz-kenin-tapty/
- Published: 2026-11-12T11:33:49.000Z
- Updated: 2026-11-12T11:33:49.000Z
- Author: Ишкер Media

**"Кыргызнефтегаз" ААКы Майлуу-Суу-4 аймагынан суткасына 40 миң куб метрден ашык газ бере турган жаңы булакты тапты. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.**

Ишкананын башкармалыгынын төрагасы Самсаалы Четимбаевдин айтымында, акыркы 10–15 жылда мындай көлөмдөгү газ чыккан учур каттала элек. Анын белгилешинче, Кочкор-Ата шаарынын суткалык газ керектөөсү болжол менен **40 миң куб** метрди түзөт. Жаңы табылган булактан да ушундай көлөмдө газ алынууда.

> "Буга чейин да жай мезгилинде ушундай көлөмдө газ табылган. Демек, Кочкор-Ата шаарынын жана шаардын айланасындагы айылдардын тургундарын газ менен камсыздай алабыз", - деди ал.

Жаңы газ булагы аймактын жаратылыш газы менен камсыз болушуна салым кошору күтүлүүдө.