> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте жасалма интеллект башкарган светофорлор орнотулду
- URL: https://im.kg/all/2026/11/13/bishkekte-zhasalma-intellekt-bashkargan-svetoforlor-ornotuldu/
- Published: 2026-11-13T11:30:00.000Z
- Updated: 2026-11-13T11:30:00.000Z
- Author: Ишкер Media

**Бишкек шаарындагы Жеңиш проспектиси менен Калинин көчөсүнүн кесилишинде жасалма интеллект технологиясы менен жабдылган адаптивдүү светофорлор орнотулду. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

> Маалым болгондой, жаңы система унаа агымын талдап, жол кыймылын жөнгө салуу жана тыгындарды азайтуу максатында иштейт.

Долбоордун алкагында жалпысынан **27 светофор**, жол кыймылын көзөмөлдөөчү **4 камера-детектор**, унааларды эсептөөчү **4 лидар** жана убакытты артка саноочу **4 электрондук табло** орнотулган. Ошондой эле кесилиштин төрт тарабына LED-экрандар коюлган.

Жасалма интеллект системасы унаалардын агымына жараша тилкелердин багытын жана светофорлордун иштөө убактысын автоматтык түрдө өзгөртө алат. Мисалы, кайсы бир багытта унаалар көбөйүп, тыгын жаралса, система кошумча тилкени ошол багытка буруу мүмкүнчүлүгүн карайт.

Учурда система пилоттук режимде иштеп жатат жана толук ишке киргизиле элек. Камералар менен лидарлар аркылуу чогултулган маалыматтардын негизинде унаа агымы сутканын убактысына, аптанын күндөрүнө жана айларга жараша талданууда.

Маалыматтар топтолгон сайын системанын жол кыймылын талдоо жана башкаруу тактыгы жогорулайт.