> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/all/2026/11/17/kyzyl-kyiadagy-kurulush-boiuncha-200-min-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-11-17T11:36:00.000Z
- Updated: 2026-11-17T11:35:59.000Z
- Author: Ишкер Media

**Кызыл-Кыя шаарындагы Нигматулин көчөсүндө жайгашкан алты кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдалды.** 

> Белгиленгендей, объектиде курулуш иштеринин этаптарын кабыл алуу белгиленген тартипте жана өз мөөнөтүндө таризделген эмес. Бул курулуш чөйрөсүндөгү белгиленген талаптардын бузулушу болуп саналат.

Натыйжада, "Кызыл-Кыя Курулуш" ЖЧКсына **200 000 сом өлчөмүндө** айып пул салынып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу көрсөтмө берилди.  
  
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзүүдө бардык юридикалык жана жеке жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, курулуш ченемдеринин жана техникалык регламенттеринин талаптарын так сактоого чакырат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**