> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Ак шумкарлар" Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңди
- URL: https://im.kg/all/2026/11/18/ak-shumkarlar-vetnamdy-2-1-esebinde-zhendi/
- Published: 2026-11-18T03:45:16.000Z
- Updated: 2026-11-18T03:45:15.000Z
- Author: Ишкер Media

**Кечээ өлкөнүн футбол боюнча улуттук курамасы Вьетнамдын курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.** 

> Маалыматка ылайык, оюндун жүрүшүндө алгач атаандаштар эсеп ачып, биринчи тайм 1:0 эсебинде аяктаган.

Кыргызстандын атынан Валерий Кичин эсепти теңеп, Эрбол Атабаев акыркы мүнөттөрдө жеңиш голун киргизди.  
  
Бул Кыргызстандын Вьетнамдагы окуу-машыгуу жыйынынын алкагындагы экинчи беттеши болду. 

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын улуттук курамасы Кытай Тайбэйинин командасын 3:0 эсебинде жеңген. 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**