> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 20-ноябрда Селекция айылында суу убактылуу өчүрүлөт
- URL: https://im.kg/all/2026/11/18/selektsiia-aiylynda-20-noiabrda-suu-ubaktyluu-ochurulot/
- Published: 2026-11-18T03:51:51.000Z
- Updated: 2026-11-18T03:51:50.000Z
- Author: Ишкер Media

**Бишкек шаарындагы Селекция айылында 20-ноябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Борбор калаанын мэриясынан билдирди.** 

> Маалыматка караганда, бул чектөө М. Ганди көчөсүндөгү диаметри 273 мм болгон жаңы суу түтүктөрүн кошуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу болууда. 

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Б. Алыкулов – М. Ганди – Эгиналиев – Өмүр көчөлөрү. 

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**