> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Саламаттык сактоо министрлиги: Курултайда көтөрүлгөн тапшырмалар 75% аткарылды
- URL: https://im.kg/all/2026/11/19/salamattyk-saktoo-ministrligi-kurultaida-kotorulgon-tapshyrmalar-75-atkaryldy/
- Published: 2026-11-19T03:50:22.000Z
- Updated: 2026-11-19T03:50:22.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар

**Саламаттык сактоо министрлиги Элдик курултайларда көтөрүлгөн тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча иштерди улантууда.**

> Мекеменин маалыматына ылайык, 2026-жылдын III кварталынын жыйынтыгы боюнча министрликтин компетенциясына кирген **250** тапшырманын **101и** толук аткарылды, дагы **87си** боюнча иштер уланууда. 

Жалпы **188 тапшырма** аткарылды же аткаруу процессинде, бул тапшырмалардын жалпы санынын **75,2%ын** түзөт.

Жетишилген натыйжалардын арасында аймактарда жогорку технологиялуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү бар. 

> Маалымдалгандай, курч миокард инфаркты менен жабыркаган бейтаптарды диагностикалоого жана дарылоого мүмкүндүк берген катетеризациялык лабораториялар (КАТЛАБ) ачылды. Ошондой эле облустук жана райондук саламаттык сактоо уюмдарына компьютердик томографтар орнотулду.

> Быйыл эле **130га** жакын унаа жеткирилди. Ал эми **2021–2025-жылдары** жалпы **478 тез жардам унаасы** сатып алынган.

Медициналык мекемелерди куруу жана модернизациялоо, материалдык-техникалык базасын жаңылоо, адистештирилген медициналык жардамды өнүктүрүү жана аймактарга медициналык кадрларды тартуу боюнча иштер улантылууда.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**