> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте аянты 12 000 чарчы метрди түзгөн спорт академиясы курулууда
- URL: https://im.kg/all/2026/11/21/bishkekte-aianty-12-000-charchy-metrdi-tuzgon-sport-akademiiasy-kuruluuda/
- Published: 2026-11-21T09:45:00.000Z
- Updated: 2026-11-21T09:44:59.000Z
- Author: Ишкер Media

**Бишкек шаарында Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы заманбап үлгүдө курулууда. Долбоор Турукташтыруу фондунан каржыланып жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдашты.** 

> Архитектуралык долбоорго ылайык, объекттин жалпы аянты 12 000 чарчы метрди түзөт. 

Жаңы спорт комплексинде **1 250 чарчы метр** аянтты ээлеген олимпиадалык стандарттарга жооп берген жабык бассейн, машыгуу бассейни жана **560 орундуу** көрүүчүлөр трибунасы каралган.

Мындан тышкары, комплекстин аймагында ачык футбол стадиону, эки кичи футбол, эки баскетбол аянтчасы жана пляж футболу үчүн бир аянтча курулат.

Курулуш иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/917048562_1656248709307505_830867578903028221_n--1-.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/920650895_1656248725974170_7592366671130871090_n--1-.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/917048579_1656248592640850_1562218094443946694_n.jpg)

Бүгүнкү күндө курулуш аянтында котлован казуу иштери аяктап, бетон кую иштери аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, 70 жылдык тарыхы бар спорт академиясынын жаңы имараты заманбап архитектуралык талаптарга ылайык салынып, эл аралык стандарттарга жооп берет. 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**