> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте таштанды чыгаруу акциясында 198 тонна таштанды чыгарылды
- URL: https://im.kg/all/2026/11/21/bishkekte-tashtandy-chygaruu-aktsiiasynda-198-tonna-tashtandy-chygaryldy/
- Published: 2026-11-21T07:06:00.000Z
- Updated: 2026-11-21T07:06:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: #Жаңылыктар

**Бишкекте таштанды чыгаруу акциясынын биринчи күнүндө, тагыраагы 20-ноябрда 198 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэрия тараткан билдирүүдө айтылат.** 

> Белгиленгендей, таштандыларды чыгарууга жалпы 35 атайын техника тартылды. Алардын ичинен 8и таштанды ташуучу унаалар, калгандары самосвалдар. 

Кечээ борбор калаанын төрт районунда тең "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалары эски эмеректерди, керексиз ири көлөмдөгү буюмдарды, түшкөн жалбырактарды жана кыйылган бак-дарактардын бутактарын тазалоо жана ташып чыгаруу иштерин жүргүзүштү.

**Мындай масштабдуу акциянын негизги максаты — шаар тургундарына үйлөрүндө жана короолорунда топтолуп калган эски, керексиз буюмдардан арылууга мүмкүнчүлүк түзүү.*

Эске салсак, 21-ноябрда акциянын акыркы күнү өткөрүлөт. Таштандыларды чыгаруу иштери саат 09:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**