> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө онлайн кумар оюндарын өткөрүүгө шектүүлөр кармалды
- URL: https://im.kg/all/2026/11/21/olkodo-onlain-kumar-oiundaryn-otkoruugo-shektuulor-karmaldy/
- Published: 2026-11-21T05:38:16.000Z
- Updated: 2026-11-21T05:38:16.000Z
- Author: Ишкер Media

**КРнын Ички иштер министрлиги онлайн кумар оюндарын өткөрүүнүн мыйзамсыз схемасы аныкталганын билдирди.**

> Маалым болгондой, аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/914247394_2177734136191180_3340157512413935244_n.jpg)

> Ыкчам-техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө букмекердик ставкаларды кабыл алуу жана онлайн-казино кызматтарын көрсөтүү үчүн интернет-платформалар аркылуу **Кыргызстан банктары тарабынан чыгарылган банк карталары аркылуу** оюн эсептерин толуктоо жана **акча каражаттарын** чыгарып алуу жүргүзүлүп турганы аныкталган.

**Шектүү катары 3 жаран кармалды:** 

- 2003-жылы туулган С.Б.,
- 2006-жылы туулган М.А.
- 2004-жылы туулган А.Р.

Кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

0:00 

/0:58 

1× 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**