> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте бир күндө 1479 тонна таштанды чыгарылды
- URL: https://im.kg/all/2026/11/22/bishkekte-bir-kundo-1479-tonna-tashtandy-chygaryldy/
- Published: 2026-11-22T06:14:00.000Z
- Updated: 2026-11-22T06:13:59.000Z
- Author: Ишкер Media

**20-ноябрда Бишкек "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери 1479 тонна таштанды чыгарышты. Анын ичинен 1281 тоннасы катуу тиричилик калдыктары, ал эми 198 тоннасы ири көлөмдөгү таштандыларды түздү.**

> Бишкек мэриясы кабарлагандай, 21-ноябрда таштандыларды чыгаруу үчүн кошумча **31 атайын техника** тартылды. Алардын ичинен **8 жүктөгүч** жана **23 HOWO үлгүсүндөгү** жүк ташуучу унаа бар.

Мындан тышкары, шаар боюнча катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн күнүмдүк тартипте **115тен** ашык атайын техника ишке чыкты. 

> Белгилей кетсек, таштандыларды массалык түрдө чыгаруу иштери 20–21-ноябрь күндөрү эки күн бою жүргүзүлдү. 21-ноябрда саат 17:00гө чейин шаар тургундары эски эмеректерди, керексиз ири көлөмдөгү буюмдарды, түшкөн жалбырактарды жана кыйылган дарак бутактарын сыртка чыгара алышты.

21-ноябрда шаардын аймагынан чыгарылган таштандылардын жалпы көлөмү 22-ноябрда эсептелет. 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**