> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Данияр Мелисов дзюдо боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиону болду
- URL: https://im.kg/all/2026/11/22/daniiar-melisov-dziudo-boiuncha-zhashtar-arasynda-duino-chempionu-boldu/
- Published: 2026-11-22T05:08:00.000Z
- Updated: 2026-11-22T05:07:59.000Z
- Author: Ишкер Media

**Кыргызстандык дзюдочу Данияр Мелисов Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан 21 жашка чейинки спортсмендер арасындагы Дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңди**.

> Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, ал мелдеште **90 кг чейинки** салмак ченинде күч сынашып, Литва, Италия, Украина, Египет жана Грузиянын спортсмендерин жеңип финалга чыкты. 

Чечүүчү беттеште түркиялык дзюдочу менен күч сынашып, дүйнө чемпиону аталды.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстан үчүн аталган дүйнө чемпионатындагы **экинчи медаль** болду. Буга чейин кыз-келиндер арасында **57 кг чейинки** салмак ченинде Жанар Жолдошева күмүш медаль жеңген.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**