> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү
- URL: https://im.kg/all/2026/11/22/oshto-pediatriia-boiuncha-el-aralyk-konferentsiia-ottu/
- Published: 2026-11-22T10:27:00.000Z
- Updated: 2026-11-22T10:26:59.000Z
- Author: Ишкер Media

**Ош шаарында педиатрия боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп, ага 300дөн ашуун дарыгер жана медициналык адис чогулду.** 

> Маалыматка ылайык, иш-чарага АКШ, Азербайжан, Түркия, Россия жана Өзбекстандан **20га жакын окумуштуу** чакырылган. 

Конференциянын негизги максаты педиатрия тармагындагы медициналык адистердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, балдар арасындагы ооруларды диагностикалоонун, дарылоонун жана алдын алуунун заманбап эл аралык ыкмалары менен тааныштыруу болуп саналат.  
  
Анда сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутату Салтанат Аманова балдардын ден соолугун коргоонун, педиатрия тармагын өнүктүрүүнүн, медициналык жардамдын сапатын жогорулатуунун жана аралык тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

**Иш-чаранын алкагында аталган тармактагы актуалдуу маселелер, балдардын ден соолугун сактоо, ооруларды эрте аныктоо, натыйжалуу дарылоо жана алдын алуу боюнча заманбап илимий жетишкендиктер талкууланды.*

Чет өлкөлүк окумуштуулар өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары, клиникалык тажрыйбалары жана балдарга медициналык жардам көрсөтүүдөгү заманбап ыкмалары менен бөлүшүштү.