> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 7 курулуш объектиси текшерилди
- URL: https://im.kg/all/2026/11/23/bishkekte-7-kurulush-obektisi-teksherildi/
- Published: 2026-11-23T09:30:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T09:29:59.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар

**Бишкекте курулуш объектилериндеги тартипти, санитардык жана коопсуздук талаптарын камсыздоо боюнча рейддик иш-чаралар өтүүдө.**

> Курулуш министрлиги 23-ноябрда борбордогу **7 курулуш объекти** текшерилгенин билдирди. 

**Алар төмөнкүлөр**: 

- Семашко көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишиндеги мейманканасы бар 8 кабаттуу муфтият имараты;
- Жумабек көчөсү 51 - 8–9 кабаттуу көп функционалдуу имарат;
- Жибек Жолу көчөсү 391 - 7 кабаттуу мейманкана;
- Жумабек көчөсү 59 - 12 кабаттуу турак үй;
- Садырбаев көчөсү 423 - окуу борборунун курулушу;
- Бакаев көчөсү 70 - 12 кабаттуу турак үй;
- Курчатов көчөсү 36 - коомдук-тиричилик багытындагы объекттери жана жер астындагы унаа токтотуучу жайы бар 9 кабаттуу көп батирлүү турак үй.

Текшерүүдө Садырбаев, Бакаев жана Курчатов көчөлөрүндөгү **үч объектиде** унаа дөңгөлөктөрүн тазалоочу пункттардын жоктугу, курулуш калдыктарынын топтолушу, материалдардын талапка ылайык сакталбашы, өрт өчүрүүчү калкандардын жана коопсуздук боюнча маалыматтык стенддердин жоктугу аныкталды. 

Ошондой эле Курчатов көчөсүндөгү объектиде коргоочу торлор (ЗУС) орнотулган эмес.

Жыйынтыгында, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилип, Курчатов көчөсүндөгү объектинин подрядчысы "Аслан Строй" ЖЧКсына айып пул салынды.

Мекеме курулуш компанияларын курулуш аянтчаларында санитардык талапты, тартипти жана коопсуздук талаптарын сактоого чакырат.