> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз спортчулары Таиланддагы эл аралык турнирде 15 медаль жеңишти
- URL: https://im.kg/all/2026/11/23/kyrgyz-sportchulary-tailanddagy-el-aralyk-turnirde-15-medal-zhenishti/
- Published: 2026-11-23T07:45:00.000Z
- Updated: 2026-11-23T07:45:00.000Z
- Author: Ишкер Media

**18-22-ноябрь күндөрү Таиланддын Сирача шаарында күрөштүн түрлөрү боюнча (эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү) "Thailand Open" эл аралык турнири өттү. Турнирде 14 өлкөдөн 300дөн ашуун катышуучу күч сынашты.**

> Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, кыргызстандык спортсмендер жалпы **15 медаль** ( 9 алтын, 5 күмүш жана 1 коло медаль) жеңип алышты.

Кыз-келиндер арасындагы мелдеште өлкө намысын коргогон спортчулар **5 алтын** жана **2 күмүш** медалга ээ болушту.

**Алтын медаль ээлери:**

- Айдеми Асангазиева (53 кг чейин)
- Асема Торогелдиева (55 кг чейин)
- Акылай Чыныбаева (65 кг чейин)
- Асел Жапарова (72 кг чейин)
- Аяна Асмаликова (68 кг чейин)

**Күмүш медаль ээлери:**

- Альбина Самылбекова (62 кг чейин)
- Аяна Асмаликова (76 кг чейин)

Ал эми сурдоспорт боюнча U-20 жаш курактык категориясындагы спортсмендер **4 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медаль** жеңишти.

**Алтын медаль ээлери:**

- Тариэль Садырбеков (60 кг чейин)
- Абдырасул Исмаилов (63 кг чейин)
- Динмухамед Бигельдиев (67 кг чейин)
- Жанбулат Кусейинов (82 кг чейин)

**Күмүш медаль ээлери:**

- Артур Акопян (77 кг чейин)
- Бексултан Сабиралиев (82 кг чейин)
- Смадияр Жумакадыров (63 кг чейин)

**Коло медаль ээси:**

- Арлен Уланов (60 кг чейин)

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**