> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда
- URL: https://im.kg/all/2026/11/24/ala-bukada-komurdun-kilogrammy-7-somdon-9-somgo-cheiin-satyluuda/
- Published: 2026-11-24T12:39:00.000Z
- Updated: 2026-11-24T12:39:00.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева

**Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана анын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө максатында көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Райондук мамлекеттик администрация кабарлады.**

> Маалыматына ылайык, учурда райондо көмүрдүн килограммы **7 сомдон 9 сомго чейин** сатылууда. Аким Темирболот Абыкеевдин тапшырмасы менен көмүрдүн чекене бааларына туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө. 

Бул иштер Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2026-жылдын 22-октябрындагы №84 буйругунун жана Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн 4-ноябрдагы №51 буйругунун негизинде аткарылууда.

Учурда райондо көмүрдүн баасы төмөнкүдөй белгиленген:

- Кара-Кече көмүрүнүн **1 тоннасы 8 100 сомдон**, **килограммы 9 сомдон ашпоого тийиш**;
- Таш-Көмүр көмүрүнүн **1 килограммы — 9 сом**;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан арзандатылган баада жеткирилген көмүрдүн **1 килограммы — 8 сом**.

Мындан тышкары, "КАЗ Минералз Бозумчак" ЖЧКсынын демөөрчүлүк колдоосу менен Ынтымак айыл аймагынын тургундарына көмүрдүн **килограммы 7 сомдон** жеткирилген.

Райондук администрация көмүрдүн баасына көзөмөл жүргүзүү жана калкты жеткиликтүү баада отун менен камсыздоо иштери улантыларын белгиледи.