> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бир жумада КРВИ жана сасык тумоонун 13 386 учуру катталды
- URL: https://im.kg/all/2026/11/24/bir-zhumada-krvi-zhana-sasyk-tumoonun-13-386-uchuru-kattaldy/
- Published: 2026-11-24T07:21:24.000Z
- Updated: 2026-11-24T07:21:23.000Z
- Author: Ишкер Media

**Республика боюнча бир жумада (16–22-ноябрь) КРВИ жана сасык тумоонун 13 386 учуру катталган. Бул көрсөткүч мурунку аптага салыштырмалуу 17,0%га жогору. Мындай маалымат Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында көрсөтүлөт.** 

> Маалым болгондой, мурунку аптада 11 439 учур катталган. 

> 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу оорулардын саны 2,5%га өскөн.

Ооругандардын жалпы түзүмүндө 14 жашка чейинки балдар 67,1%ды (8 967 учур) түзөт.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында эпидемиологиялык көзөмөлдүн тандалма мониторинги улантылууда. 

**Сасык тумоого каршы эмдөө**

Сезондук сасык тумоонун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин "Гриппол+" вакцинасынын **63 734 дозасын** сатып алган. Мындан тышкары, министрлик тарабынан сасык тумоого каршы вакцинанын дагы **100 000 дозасы** кошумча сатып алынган. Ошентип, сатып алынган вакциналардын жалпы көлөмү **163 734 дозаны** түздү.

Учурда республиканын бардык аймактарында сасык тумоого каршы эмдөө улантылууда. Биринчи кезекте эмдөө тобокелдик тобуна кирген адамдарга жүргүзүлөт:

- өнөкөт оорулары бар адамдарга;
- 65 жаштан жогорку жарандарга;
- кош бойлуу аялдарга;
- тез-тез ооруган балдарга;
- медицина кызматкерлерине.

Көрсөтүлгөн жарандар үчүн эмдөө үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз жүргүзүлөт.

***КРВИ жана сасык тумоонун алдын алуу боюнча негизги чаралар***

Саламаттык сактоо министрлиги калкка төмөнкү алдын алуу чараларын сактоону сунуштайт:

- колдун гигиенасын сактоо, колду самындап үзгүлтүксүз жуу;
- бөлмөлөрдү желдетип, нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүү;
- респиратордук гигиенаны сактоо, жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду жабуу;
- адамдар көп чогулган жерлерде, өзгөчө респиратордук инфекциянын белгилери байкалганда медициналык беткап колдонуу;
- организмди үшүтүп алуудан сактануу;
- оорунун белгилери пайда болгондо үйдө калып, өз убагында медициналык жардамга кайрылуу;
- КРВИнин белгилери бар балдарды айыкканга чейин мектепке жана бала бакчага жибербөө;
- эмгек жана эс алуу режимин сактоо, туура тамактануу жана дене активдүүлүгүн колдоо.

***Калкка консультациялык жардам көрсөтүү***

Балдарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында үй-бүлөлүк медицина борборлорунда КРВИ боюнча адистештирилген колл-борборлор уюштурулган.

Балада оорунун алгачкы белгилери пайда болгондо ата-энелер аралыктан консультация алуу үчүн кайрыла алышат. Алар медициналык адистерден сунуштарды жана мындан аркы текшерүүдөн өтүү же ооруканага жаткыруу зарылдыгы тууралуу маалымат ала алышат.