Назира Абдиева

Карыздан карызга. Бишкекке алына турган автобустар 16 жылга жарайт, кредитти КР 2053-жылга чейин төлөйт

Карыздан карызга. Бишкекке алына турган автобустар 16 жылга жарайт, кредитти КР 2053-жылга чейин төлөйт

Бүгүн, 19-апрелде Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Азия өнүктүрүү банкы менен КР Министрлер кабинетинин ортосундагы кредиттик макулдашуу боюнча долбоор каралды. Ага ылайык, борборго алына турган  120 даана энергия үнөмдөөчү электр автобустарына Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 56 млн доллар алат. Анын 25 млн доллары кредит катарында, 25 млн

КР Бишкекке автобустарды алуу үчүн АӨБдөн дагы 56 млн доллар кредит алат

КР Бишкекке автобустарды алуу үчүн АӨБдөн дагы 56 млн доллар кредит алат

Бүгүн, 19-апрелде Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Азия өнүктүрүү банкы менен КР Министрлер кабинетинин ортосундагы кредиттик макулдашуу боюнча Финансы министрлигинин орун басары Мэлс Аттокуров баяндама жасады. Анын берген маалыматына ылайык, алынган кредитке борборго 120 даана энергия үнөмдөөчү электр автобустары, 3 жылдык керектелүүчү тетиктер, эвакуатор кошо алынат. «Бул

I кварталда өлкөдөгү ички сооданын көлөмү 112 млрд сомго жетти

I кварталда өлкөдөгү ички сооданын көлөмү 112 млрд сомго жетти

Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында Кыргызстанда дүң жана чекене сооданын өсүүсү 6.7%ды түздү. Бул мезгилде өлкөдөгү ишкерлер 112 млрд 437 млн сомдук (азыркы курс боюнча 1.38 млрд долларга жакын) соода жүргүзүшкөнүн Улуттук статистика комитети билдирди. Аталган отчеттук мезгилде дүң соода 11.8%га өскөн. Чекене соода кылгандардыкы болсо

«Кыргыз почтасы» МИ  ААК болуп өзгөрдү – максаты инвесторлорду тартуу

«Кыргыз почтасы» МИ ААК болуп өзгөрдү – максаты инвесторлорду тартуу

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы 100% акциясын мамлекеттик менчикте сактоо менен «Кыргыз почтасы» ААК болуп кайра уюштурулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Берилген маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге почта байланышын, анын ичинде банктык терминалдарга окшош атайын терминалдарды пайдалануу менен жарандарга пенсияларды жана жөлөкпулдарды берүү боюнча кызмат

Эми которулган акчаларды  жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында гана алууга болот

Эми которулган акчаларды жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында гана алууга болот

Улуттук банк КРда акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.   Улуттук банктын билдиргенине караганда, өзгөртүүлөр убактылуу мүнөзгө ээ жана КРнын аймагына эл аралык акча которуу системасы боюнча которулган акчанын валютасына карата талаптарды белгилейт. «Акча которууну жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында алса болот.

Сак болуңуз. Жасалма долларлар көбөйдү

Сак болуңуз. Жасалма долларлар көбөйдү

Кыргызстандын валюта рыногунда АКШ долларынын жасалма банкнотторун табуу фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, Улуттук банк калкты валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзүүдө этият болууга чакырат.  Нак чет өлкө валютасынын аныктыгын тастыктоо үчүн коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун кызматкерлеринен аны валюталык детектордон текшерүүнү талап кылуу зарыл. «Валюта алмаштыруу жайларына барганда, Улуттук банктын лицензиясынын бар

«Халык Банктын» төрагасынын орун басары Валентина Коваленко «Бакай Банктын» төрагасынын орун басары болуп дайындалды

«Халык Банктын» төрагасынын орун басары Валентина Коваленко «Бакай Банктын» төрагасынын орун басары болуп дайындалды

«Бакай Банк» ААКда башкармалыктын төрагасынын жаңы орун басары дайындалды. Директорлор кеңешинин чечими менен Коваленко Валентина Айдаралиевна бул кызматка бекитилгенин Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди. Коваленкону бул кызматка 18-апрелден тартып дайындоо чечими банктын директорлор кеңешинин 14-апрелдеги жыйынында кабыл алынган. Белгилей кетсек, Коваленко 2018-жылдан 2021-жылга чейин «Халык Банк Кыргызстандын» төрагасынын орун басары

Баткендин тургундары президентке кайрылышты – насостук станция жарылып, сугат суу жок, эгиндер куурап жатат

Баткендин тургундары президентке кайрылышты – насостук станция жарылып, сугат суу жок, эгиндер куурап жатат

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундары чек арадагы айылда көйгөй үстүнө көйгөй кошулганын, тагыраак айтканда, сугат суунун жоктугунан улам дыйкандар быйылкы түшүмдөн кол жууп калышарын айтып президентке, Айыл чарба министрине кайрылуу жолдошту. Жергиликтүү тургундардын айтымында, айыл өкмөттү суу менен камсыздаган насостук станциянын 4 метр түтүгү жарылып, суу тартыш болуп жатканын,

Эмне үчүн март айында азык-түлүктүн баасы кымбаттап кетти? Себептери менен кесепеттерин талдоо

Кызыктуулар

Эмне үчүн март айында азык-түлүктүн баасы кымбаттап кетти? Себептери менен кесепеттерин талдоо

Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанда азык-түлүк жана эл керектөөчү товарлардын баасы кескин көтөрүлүп кетти. Бул ар кандай себептерден улам болду, бирок анын негизги себептеринин бири доллардын курсунун секириктери болду. Монополияга каршы мамлекеттик орган продукциянын кымбатташынын себептери боюнча баяндама даярдап, ал кырдаалды турукташтырууга мүмкүндүк берген негизги факторлорду жана кандай аракеттер көрүлгөнүн

«TS Group» компаниясына берилген 16 га жер баалана элек – президенттин администрациясы

«TS Group» компаниясына берилген 16 га жер баалана элек – президенттин администрациясы

Президент Садыр Жапаровдун администрациясы Бишкектеги 16 га жерди КР президентинин Аппаратынын жаңы имаратын куруу үчүн «ТС ГРУПП» (TS-Group) курулуш компаниясына бергени боюнча комментарий берди. Алардын берген маалыматына ылайык, президенттин Администрациясынын жаңы имаратынын курулушун атамекендик «TS Group» компаниясы жүргүзөт. «Азыркы учурда жаңы имарат куруу үчүн алмаштырыла турган 16 га аянттагы жер

ПЧР-тестинин терс жыйынтыгы керек – республикалык штаб Кыргызстанга кирүү эрежелерин эскертет

ПЧР-тестинин терс жыйынтыгы керек – республикалык штаб Кыргызстанга кирүү эрежелерин эскертет

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб Кыргызстанга кирүү жана чыгуу эрежелерин бекитти. Бул тууралуу  «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди. КРнын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар эл аралык каттамдар жана автотранспорт каражаттары менен мамлекеттик чек арадан өтүүдө ПЧР-тестинин терс жыйынтыгын (72 саат мурун чыгарылган) же

Кыргызстандыктардын реалдуу айлык акысы бир жылда 1.8%га өстү

Кыргызстандыктардын реалдуу айлык акысы бир жылда 1.8%га өстү

2022-жылдын январь-февраль айларында кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы 20 163 сомду түздү (чакан ишканаларды эсепке албаганда). Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо айлык номиналдык эмгек акы 13%га өстү – 2021-жылдын январь-февраль айларында расмий түрдө иштеген кыргызстандыктар орточо эсеп менен 17 844 сом алышкан. Реалдуу айлык