Акылбек Жапаров ЕРӨБ БА башкаруучу директору Жужанна Харгитай менен «жашыл экономика» чөйрөсүндөгү долбоорлорду талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азиядагы башкаруучу директору Жужанна Харгитай менен жолугушканын кабинеттин маалымат кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнүн жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Жапаров Министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, республика үчүн узак мөөнөттүү стратегиялык артыкчылык катары