> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Микрофинансы уюмдарында алдамчылыкка каршы жаңы жобо бекитилди
- URL: https://im.kg/banktar/2025/10/17/uluttuk-bank-mikrofinansy-uiumdarynda-aldamchylykka-karshy-zhany-zhobo-biekitti/
- Published: 2025-10-17T10:29:22.000Z
- Updated: 2025-10-17T10:31:00.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Банктар

**Улуттук банк Башкармасы "Кыргыз Республикасынын микрофинансы уюмдарында ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттерди көрүү системасына карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтомду кабыл алган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.** 

Жаңы жобо микрофинансы уюмдарында тобокелдиктерди өз убагында аныктоо жана алдын алуу боюнча системаларды иштеп чыгуу, ошондой эле кардарлардын кызыкчылыктарын коргоо жана операциялардын коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөйт.

Токтом Улуттук банктын расмий сайтына ([www.nbkr.kg](http://www.nbkr.kg)) жайгаштырылып, “Банк жөнүндө / Банк иши тууралуу мыйзамдар / Улуттук банк Башкармасынын токтомдору” бөлүмүндө жеткиликтүү.