> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын эл аралык резерви 7,5 млрд долларды түзөт
- URL: https://im.kg/banktar/2025/10/29/kyrghyzstandyn-el-aralyk-rieziervi-7-5-mlrd-dollardy-tuzot/
- Published: 2025-10-29T07:48:54.000Z
- Updated: 2025-10-29T07:48:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар, Саясат

**Кыргызстандын эл аралык резерви 2025-жылдын 1-октябрына карата 7,5 млрд. долларды түзүп, жыл башынан бери 48,5%га жогорулаганын бүгүн Улуттук банк төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.** 

Анын айтымында, жеткиликтүү деңгээлдеги резервдерди кармоо сырткы экономикалык тобокелчиликтерди азайтууда жана инвесторлордун ишенимин бекемдөөдө ишеничтүү таяныч катары кызмат кылат. 

А.Козубековдун маалыматы боюнча 2025-жылдын 9 айында Кыргызстан ИДПсы 10%га өскөн. Мындай өсүүдө негизги салымды кызмат көрсөтүү, курулуш жана өнөр жай тармактары камсыз кылган. Ички суроо-талап калктын реалдуу кирешелеринин өсүшүнө жараша туруктуу. 

“Калктын реалдуу эмгек акысы 10,9%га өсүп, акча котруулардын таза агымы 24,1%га жогорулады” -дейт ал. 

Буга улай ал ички валюталык рынокто кырдаал туруктуу экенин айтты. Валюта курстарынын өйдө-ылдый болууларын жумшартуу үчүн Улуттук банк 416,6 млн сомго 5 валюталык интервенцияларды жасаган.