> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Банктар бирикмеси - банктык карталарды колдонуу коопсуздугун эске салат
- URL: https://im.kg/banktar/2025/11/18/banktar-birikmiesi-banktyk-kartalardy-koldonuu-koopsuzdughun-eskie-salat/
- Published: 2025-11-18T11:42:29.000Z
- Updated: 2025-11-18T11:42:29.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

***Кыргызстан банктарынын бирикмеси*** тааныш эмес сайттарда төлөм карталары менен операцияларды өткөрүүдөн баш тартууну жана төлөм жүргүзүлүүчү ресурстарды кылдаттык менен изилдөөнү сунуштайт.

> *Маалыматка ылайык, интернет тармагында жана социалдык тармактарда банктык карталарды колдонуу аркылуу алдамчылыктын бир түрү күч алууда. Алдамчылар колдонуучуларга ар түрдү *сурамжылоолорго* же *сыйлык ыйгарылуусуна кепилдик берген* утуштарга катышууну сунуш кылып жатышат. Сурамжылоого катышуу үчүн картанын жеке маалыматын киргизүү жана комиссияны төлөө талап кылынат.*

Ошондой эле маалыматта товар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн онлайн төлөм өткөрүүдө төмөнкү коопсуздук чараларын сактоо сунушталат:

> *– төлөмдөрдү белгилүү дүкөндөрдүн сайттарынан же текшерилген интернет-ресурстардан өткөрүү;*

> *– адатта төлөм жүргүзүлө турган операцияларын санына / суммасына чектөө коюу;*

> *– интернет-банкинг жана смс-кабарлоону туташтыруу;*

> *– төлөм жүргүзүлүп жаткан түзмөктөрдө антивирустук программалардын өз убагында жаңыртылышын көзөмөлдөө;*

> *– банктык картанын берилмелерин үчүнчү жактарга бербөө;*

> *– белгисиз адамдардын суроо-талабына жооп катары каражаттарды которбоо жана чегербөө.*

Банктык карталарды колдонууда **коопсуздук чараларын сактоо**, картадагы акча каражаттардын сакталышын камсыз кылат!