> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРУБ 2 төлөм уюмуна жана акча алмаштыруу бюролоруна айып пул салды
- URL: https://im.kg/banktar/2025/11/19/krub-2-tolom-uiumuna-zhana-akcha-almashtyruu-biuroloruna-aiyp-pul-saldy/
- Published: 2025-11-19T04:15:46.000Z
- Updated: 2025-11-19T04:15:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

КРнын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, **Бишкек шаарында жайгашкан 2 төлөм уюму** жоопко тартылды. Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиргендей, эки төлөм уюмуна **жалпы суммасы - 220 000 сом** өлчөмүндө айып пул салынды.

> Ошондой эле КР мыйзамдарын жана Улуттук банктын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн **Бишкек шаарындагы бир** алмаштыруу бюросуна жана **Ош шаарындагы бир алмашуу бюросуна** (ар бирине) **55000 сомдон айып пул** салынды.

Билдирүүгө караганда, мындан сырткары **Улуттук банктын** **лицензиясы жок** накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын **үч жаранына**, **ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул** салынган.