> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБ өлкөлөрүнун ичинен Кыргызстандын бюджетинин профицити 1 млрд долларды түздү
- URL: https://im.kg/banktar/2025/11/21/ieaeb-olkolorunun-ichinien-kyrghyzstandyn-biudzhietinin-profitsiti-1-mlrd-dollardy-tuzdu/
- Published: 2025-11-21T14:17:30.000Z
- Updated: 2025-11-21T14:17:29.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар, Экономика

**Евразия экономикалык комиссиясынын статистика департаменти 2025-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстан бюджетинин профицити 1 млрд долларды түзгөнүн жарыялады.** 

Республикалык бюджеттин кирешеси 9 айда – 4,9 млрд долларды, чыгашасы – 3,9 млрд долларды түзгөн. Отчетто эсептөөдө финансылык эмес активдерди сатуу жана сатып алуу да эске алынганы айтылат. Бир жыл мурун 9 айыдын жыйынтыгы менен өлкөнүн профицити 0,5 млрд доллар болгон. 

 Департамент отчету боюнча Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен республикалык бюджеттин профицити менен чыккан жалгыз өлкө болгон.   
  
Башка ЕАЭБ өлкөлөрүндө респблуикалык бюджеттин дефицит көлөмү төмөндөгүдөй болгон: 

- Арменияда – 0,2 млрд доллар дефицит;
- Казакстанда – 5 млрд доллар дефицит;
- Россияда – 41 млрд доллар.