> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдөгү микрофинансылык уюмдардын өнүгүү тенденциялары
- URL: https://im.kg/banktar/2025/11/21/krghy-mikrofinansylyk-uiumdardyn-onughuu-tiendientsiialary/
- Published: 2025-11-21T06:41:14.000Z
- Updated: 2025-11-21T06:41:58.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

КРнын Улуттук банкы өлкөдөгү МФУнын **2025-жылдын 30-сентябрына карата** өнүгүү тенденцияларын жарыялады.

> Билдирүүгө каарганда, **2024-жылдын акырындагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу** өлкөдөгү МФУнун жалпы активдери 71,2 млрд сомду түзүп, 12,4 млрд сомго же 21 пайызга көбөйгөн.

Ал эми **МФУнун кредит портфели 57,6 млрд** сомду түзүп, 9,6 млрд сомго же 20 пайызга көбөйгөн.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/586696968_18173731780366694_2598598636593927244_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/586831690_18173731765366694_7083035163677246211_n.jpg)

Ошондой эле **Ислам принциптери боюнча каржылоонун көлөмү 1,8 млрд** сомду түзгөн, башкача айтканда былтыркыга салыштырмалуу 0,3 млрд сомго же 17 пайызга өскөн.

Микрофинансылык уюмдардын **уставдык капиталы 14,3 млрд** сомго жетип, 1,4 млрд сомго же 11 пайызга көбөйгөн. Ал эми жалпы **депозиттик база 9,8 млрд сомду** түзгөн, мында жыл башынан берки көбөйүү 2,3 млрд сом же 31 пайыз чегинде катталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/584410327_18173731792366694_7057519295885846757_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/584797725_18173731804366694_3607849420032071352_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/586669521_18173731783366694_4337591983475891551_n.jpg)