> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандагы микрофинансылык уюмдардын активдери 72,1 млрд сомго жетти
- URL: https://im.kg/banktar/2025/11/21/kyrghyzstandaghy-mikrofinansylyk-uiumdardyn-aktivdieri-72-1-mlrd-somgho-zhietti/
- Published: 2025-11-21T10:12:03.000Z
- Updated: 2025-11-21T10:12:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар, Бизнес

**Кыргызстандын микрофинансылык секторунда 9 айдын ичинде байкаларлык өсүүлөр болгонун Улуттук банк маалымдады.** 

***Өсүүлөрдүн башкы көрсөтүчтөрү:***

- МФУлардын жалпы активи 71,2 миллиард сомго жетип – жыл башынан берки өсүү 12,4 миллиарда сомду түзгөн (21%);
- МФУлардын кредиттик портфели 57,6 миллиард сомго жетип, 9,6 миллиард сомго өскөн, (20%);
- МФУ депозиттик баасынын жалпы көлөмү 9,8 миллиард сомго жеткен. Жыл башынан берки өсүү 2,3 млрд сомду түзгөн. (31%).

Ошондой эле МФУлардын уставдык капиталы – 14,3 млрд сомго жетип 1,4 млрд(11%) сомго жогорулаган.

Мындан сырткары, исламдык финансылоо сегменти да жогорулап, анын көлөмү 1,8 млрд сом болгон. Жыл башынан бери ал 0,3 млрд сомго өскөн.