> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу 21 күндө 46 713 адам насыя алууга өзүнө өзү тыюу салды
- URL: https://im.kg/banktar/2025/11/21/tunduk-mobildik-tirkiemiesi-arkyluu-21-kundo-46-713-adam-nasyia-aluugha-ozuno-ozu-tyiuu-saldy/
- Published: 2025-11-21T10:58:13.000Z
- Updated: 2025-11-21T11:02:13.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар, Коом

**2025-жылдын 1-ноябрынан 21-ноябрына чейинки аралыкта 46 713 адам "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу насыяга алууга өзүнө өзү тыюу салганын Улуттук банк жарыялады.**

Мурда да түшүндүрмө бергенибиздей, "Өзүнө-өзү тыюу салуу" – бул жаран үчүн каржы-кредиттик уюмдарда анын атына насыя жана займдарды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн алдын ала өз ыктыяры менен чектөөчү акысыз кызмат.

Tunduk тиркемеси аркылуу жаран өзүнө өзү тыюу салып, аны кайра алып сала алат. 

1\. **Өз алдынча тыюу салууну орнотуу:** Tunduk тиркемесине кирүү → "Насыя алууга өз алдынча тыюу салуу" кызматын тандоо → "Арызды толтуруу" баскычын басуу →кредиттик бюрону тандоо → аракетти тастыктоо. Коргоо дароо активдешет.

2\. **Тыюу салууну алып салуу:** Ошол эле кызматка кирүү → тандоо → "Өз алдынча тыюу салууну алып салуу" баскычын басуу. Алып салуу 12 сааттан кийин автоматтык түрдө болот.

3\. **Алып салууну жокко чыгаруу:** Арыз берилгенден кийин 12 сааттын ичинде кызматка кирип, "Арызды жокко чыгаруу→ баскычын басуу керек – коргоо активдүү бойдон калат.