> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга келген эл аралык акча которуулардын саны  былтыркыга салыштырмалуу 21% өстү
- URL: https://im.kg/banktar/2025/11/25/kyrghyzstangha-kielghien-el-aralyk-akcha-kotoruulardyn-sany-byltyrkygha-salyshtyrmaluu-21-ostu/
- Published: 2025-11-25T06:18:22.000Z
- Updated: 2025-11-25T06:18:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

2025-жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында жеке адамдардын акча которууларынын таза агымы 2,03 млрд АКШ долларын түздү. Бул 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу **21,07% өскөн**. Мындай маалыматты Улуттук банктын **Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын начальниги Айбек Алиев** бүгүн басма сөз жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

> *“Акча которуулардын дүң агымы былтыркыга салыштырмалуу 16,14% жогорулап, 2,06 млрд АКШ доллар түптөлгөн. Эл аралык акча которуулардын басымдуу бөлүгү - 92% Россиядан келип түшкөн.”*

Кыргызстанда жалпысынан акча которуу менен **20** эл аралык акча которуу системасынын операторлору алектенет. Алардын ичинен эл арасында көбүнчө Астрасенд, Золотая Корона, Money Gram, Юнистрим, Western Union аттуу системалар колдонулат.

> Алиевдин айтымында, 2025-жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында акча которуулардын **47,02 пайызы Астрасент** системасы аркылуу келген. Андан кийинки орунда Юнистрим жана Золотая корона аркылуу келип түшкөн.