> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк 2 тонна алтын сатып алып, 15-орунга чыкты
- URL: https://im.kg/banktar/2025/12/05/uluttuk-bank-2-tonna-altyn-satyp-alyp-15-orungha-chykty/
- Published: 2025-12-05T02:59:17.000Z
- Updated: 2025-12-05T02:59:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар, Кызыктуу

**Дүйнөлүк алтын кеңешинин (World Gold Council) маалыматтарында Кыргызстандын Улуттук банкы алтын запасын көбөйтүүнү улантып жатканы айтылат.**

Эксперттердин айтымында, дүйнө боюнча борбордук банктар 2025-жылдын октябрь айында алтынды активдүү сатып алып, жалпы жонунан 53 тонна алтын кошушкан.

Польша Улуттук банкы да тыныгуудан кийин кайрадан рынокко кайтып, 16 тонна алтын сатып алды. Анын жалпы алтын резерви 531 тоннага жетип, эң ири сатып алуучу болуп калды.

Бразилиянын борбордук банкы да экинчи ай катары менен алтын сатып алып, дагы 16 тонна кошту.

> Алтын сатып алган өлкөлөрдүн катарында Өзбекстандын Борбордук банкы (9 тонна), Индонезия банкы (4 тонна), Түркиянын Борбордук банкы (3 тонна), Чехия Улуттук банкы (2 тонна), ошондой эле Гана, Кытай, Казакстан жана Филиппиндин борбордук банктары бар — ар бири 1 тоннага жакын алтын сатып алышкан.

> Кыргызстандын Улуттук банкы да алтын корун көбөйтүп, 2 тонна алтын сатып алды. КР дүйнө өлкөлөрүнүн борбордук банктарынын арасында алтын сатып алуу көлөмү боюнча 15-орунда турат.