> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл башынан бери кыргызстандыктар 477,7 млрд сом насыя алышкан
- URL: https://im.kg/banktar/2025/12/18/zhyl-bashynan-bieri-kyrghyzstandyktar-477-7-mlrd-som-nasyia-alyshkan/
- Published: 2025-12-18T06:24:20.000Z
- Updated: 2025-12-18T06:24:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**Жыл башынан бери банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 40,2%га өсүү менен 477,7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, банк секторунун суммардык активдери 38% өсүү менен 1 125,2 млрд сомду, ал эми кардарлардын жалпы депозиттик базасы 35%га өсүп, 800 млрд сомду түздү.

> Ошондой эле Ислам принциптери боюнча каржылоо көлөмү 91,5%га өсүп, 17,3 млрд сомду түздү.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 31-октябрына карата Кыргызстанда 21 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 306 филиалы иштеп турган.