> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандагы 98 000 жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды
- URL: https://im.kg/banktar/2025/12/19/kyrghyzstandaghy-98-000-zharan-nasyia-aluugha-ozuno-ozu-tyiuu-saldy/
- Published: 2025-12-19T06:25:48.000Z
- Updated: 2025-12-19T06:25:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Банктар

**2025-жылдын 1-ноябрында жарандардын финансылык коопсуздугун камсыздоого багытталган жаңы механизм “Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу” системасы ишке киргизилген. Ошондон бери алдамчылардын курмандыгы болуудан сактанууну туура тапкан жарандардын саны күн санап өсүүдө.**

> Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалымдагандай, 1-ноябрдан 19-декабрына чейинки мезгил аралыгында **98 003 адам** «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматын иштеткен.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/602460073_18176732098366694_461181652619983619_n-1.jpg)

Эске салсак, алдамчылыкты алдын алуу жана керектөөчүлөрдү коргоо максатында “өзүнө-өзү тыюу салуу” механизмин **Улуттук банк жана Санарип министрлиги** менен биргеликте киргизишкен.

 Өзүнө-өзү тыюу салуунун жолу: «Түндүк» мобилдик кирүү → “Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу” кызматын тандоо → “Өтүнмө жиберүү” → Кредиттик бюрону тандоо → Иш-аракетти тастыктоо. Коргоо дароо активдүү болот. Кененирээк маалымат шилтемеде: <https://www.youtube.com/watch?v=lW7gLxhcBhA&t=94s>